Кинодогудай. Милиция унаасы менен качкан айдоочуну кууп жетип, ур-тепкиге алган
RU

Кинодогудай. Милиция унаасы менен качкан айдоочуну кууп жетип, ур-тепкиге алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу шаарында айдоочуну кууп жетип, ур-тепкиге алган милициянын видеосу социалдык тармакка тарап, талкууга алынды.

Ош ОИИБи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн окуя 17-июнда саат 09:30 чамасында Кара-Суу шаарында болгонун билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын 19 жаштагы айдоочусу жол чырактын кызыл белгиси күйүп турганына карабай өтүп кеткен. Айдоочу инспекторлордун талаптарына баш ийбей койгон. Буга байланыштуу инспектор айдоочуну кууп, Ленин көчөсүнөн кармаган.

Унаа айып токтотуучу жайга токтотулуп, айдоочу айыпка жыгылган. Ал эми инспектордун аракети боюнча кызматтык иликтөө дайындалып, жыйынтыгы чына элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16606