Бишкекте "Тазалыктын" дагы бир жумушчусун унаа коюп кетти
RU

Бишкекте "Тазалыктын" дагы бир жумушчусун унаа коюп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүндө "Тазалыктын" жумушчусун айдоочу сүзүп кетти. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан кырсык 27-майда таңкы саат 05:00 чамасында катталганын маалымдады.

Такталгандай, айдоочу Дэн Сяопин көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып Алыкулов көчөсүнө жетпей жолдун боюн шыпырып жаткан 1963-жылы туулган А.А. аттуу "Тазалыктын" кызматкерин сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жөө жүргүнчү А.А. ооруканага жеткирилген. Бүгүнкү күндө жабырлануучу ооруканада.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кайгуул кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1991-жылы туулган К.М. кармалып, тергөө кызматына тапшырылды. Ал эми Daewoo Nexia унаасы айып короого токтотулду.

Белгилесек, 8-июнда саат 04:30 чамасында Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен "Тазалык" ишканасынын дагы бир кызматкерин унаа сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Жумушчу оор жаракат алып ооруканага түшкөн. Кийинчерээк шектүү милиция кызматкери экени белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16342