Сот 4 журналисттин камактагы мөөнөтүн узартты
RU

Сот 4 журналисттин камактагы мөөнөтүн узартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Temirov Live долбоорунун жана башка иликтөө долбоорлорунун камактагы журналисттери 2-октябрга чейин СИЗОдо калышты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына иликтөөчү журналист Болот Темиров билдирди.

Маалым болгондой, Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кылычбек Истамкуловдун чечими менен Махабат Тажибек кызы, Айке Бейшекеева, Актилек Капаров ("Алга Медиа") жана Азамат Ишенбековдун ("Айт Айт Десе" акыны) баш коргоо чарасы узартылды.

Ошондой эле судьянын эмгек өргүүсүнө байланыштуу кийинки отурумдар 29-августка чейин жылдырылды.

Белгилесек, 2024-жылдын башында "Массалык башаламандыктар" беренеси менен 11 журналист камакка алынган. Бүгүнкү күндө алардын ичинен өртөө - Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева камакта, калгандары бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16840