Камактагы журналисттердин айрымдары үй камагына чыкты
RU

Камактагы журналисттердин айрымдары үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 9-апрелде камактагы айрым журналисттердин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.

Соттун чечими менен журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Сайпидин Султаналиев үй камагына чыгышты.

Белгилей кетсек, "Массалык башаламандыктар" беренеси менен камакка алынган 11 журналисттин төртөө - Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева камакта калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15907