"Үйүнө кирип барган". 28 жаштагы жаран зордуктоого аракет кылганга шектелди
RU

"Үйүнө кирип барган". 28 жаштагы жаран зордуктоого аракет кылганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштун Дөбө-Коргон айыл аймагында 32 жаштагы келинди зордуктоо аракети болгон. Шектүү катары ошол эле айылдын тургуну кармалганын Ош ШИИБден маалымдашты.

27-сентябрда Араван райондук ички иштер бөлүмүнө Дөбө-Коргон айыл аймагынын 1992-жылы туулган И.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал үйүндө балдарына тамак жасап жатканда айыдашы үйгө кирип келип, эшиктерди жаап, зордуктаганга аракет кылгандыгын билдирген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Топтолгон материалдын негизинде 37-154-берене боюнча кылмыш иши козголуп, Араван районуну 1996-жылы туулган А.О. аттуу тургуну кармалган. Ал камакка алынып, учурда тергөө амалдары уланып жатканы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17550