52 жаштагы киши ур-токмоктон кийин каза тапты. Шектүү кармалды
RU

52 жаштагы киши ур-токмоктон кийин каза тапты. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 52 жаштагы киши ур-токмоктон улам каза тапкан. Шектүү катары 31 жаштагы жаран колго түшүрүлгөнүн шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 4-сентябрда саат 09:35 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен 1972-жылы туулган А.О. аттуу жаран белгисиз адамдар тарабынан сабалып, ооруканага жеткенде каза болгондугу маалымдалган.

Аталган факты боюнча 130-берене менен ("Адам өлүмү менен коштолгон денеге оор зала келтирүү") кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында шектүү катары 1993 жылы туулган А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17569