Ысык-Атада шеригинин бир көзүн агыза сабаганга шектүү кармалды
RU

Ысык-Атада шеригинин бир көзүн агыза сабаганга шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Ата районунда 57 жаштагы кишинин ден соолугуна оор залал келтирип, бир көзүн агызганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден кабарлашты.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, 17-августта саат 21:00 чамасында Ысык-Атадагы көлмөдө Я.И. спирт ичимдигин ичип отурган Э.В. менен уруша кетип, шеригинин денесине залал келтирген. 1967-жылы туулган Э.В. көптөгөн жаракаттары менен аймактык ооруканага жаткырылган.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки тергөө иштери башталган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча, жабырлануучу денесинен көптөгөн жаракаттарды алган, анын ичинде сол көзү агып, ден соолугуна олуттуу коркунуч жаралган.

Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1984-жылы туулган Я.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17559