Медреседеги балдардын урушунан 14 жаштагы өспүрүм каза болду
RU

Медреседеги балдардын урушунан 14 жаштагы өспүрүм каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Ноокат районунда 14 жаштагы бала учтуу нерседен жаракат алып каза тапты. Маалыматты редакцияга облустук ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Маалыматка караганда, 6-октябрда Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе 2008-жылы туулган М.М. өз ара пикир келишпестиктен улам 2010-жылы туулган Ш.Фны учтуу нерсе менен сайып жиберген. Жабыркаган өспүрүм Куршаб айылынын тургуну, ал аймактык ооруканага жетпей каза болуп калды.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталды.

Өспүрүмдүн жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17596