Бокс залындагы атышуу. Жабыркагандар палатага которулду
160
Бишкектин 7-кичи районундагы бокс клубунда болгон ок атуудан жабыркагандар палатага которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматта, бейтаптар палатага которулганы, дарылануусун улантып жатканы айтылат.
Эске салсак, 10-октябрда бокс клубда эки ишкердин ортосунда чыр-чатак болуп, эки адам жабыркап, дагы бири кокусунан атылган октон каза болгон.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17677