Бишкекте мурдагы бизнес өнөктөштөрдүн чырынан 1 адам каза болду. Жаңы жагдайлар
RU

Бишкекте мурдагы бизнес өнөктөштөрдүн чырынан 1 адам каза болду. Жаңы жагдайлар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте бизнес өнөктөштөрдүн чырынан бир адам каза тапты. Бул туурасында Бишкек ШИИББден кабарлашты.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 10-октябрда мурдагы бизнес өнөктөштөрдүн ортосунда чыр чыгып, натыйжада бир адам каза болуп, экөө жаракат алышкан.

Ал эми окуянын күбөлөрүнүн айтымында, чыр бокс клубунда чыкты. Конфликт бокс боюнча машыктыруучу Ж.Н. менен мурдагы мушкердин ортосунда болгон. Маалыматтарга караганда, экинчиси жакында эле абактан чыккан.

Редакцияга өздүк булактар билдиргендей, зал бокс боюнча дүйнө чемпиону Орзубек Назаровго таандык.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы окуя боюнча алдын ала жагдайларды такталганын маалымдап, төмөнкүлөрдү билдирди.

"Каржылык келишпестиктерден улам М. аттуу жаран 7-кичи райондо жайгашкан машыгуу залына келген. Алгачкы ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М. аттуу киши Н.нын иштеген жерине келип, нааразычылктарын айткан. Андан соң Н.нын ич көңдөйүнө "Сайга" мылтыгы менен атып жиберген. Андан тышкары М. ошол жердеги Э. аттуу кишинин бутуна ок аткан. Экинчиси ага карата мээленген мылтыкты буруу үчүн М. менен алыша баштаган, алардын кармашы полдо уланып, кокусунан ок атылып кол салган адамдын башына тийген", - дешти милициядан.

Бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда жагдайларды аныктоого жана юридикалык баа берүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17643