Аял үч кичинекей кызына күйөөсү ыдык көрсөткөнүн билдирген. Ага сот өкүм чыгарды
Kaktus.media сайты мындан мурда Токмок шаарынын тургуну Еленанын (аты өзгөртүлдү) кайрылуусун жарыялаган. Анда Елена күйөөсү үч кызына ыдык көрсөткөнүн шектелип жатканын айткан. Аял укук коргоо органдарынан кыздардын атасын тыкыр иликтеп, жазалоону суранган болчу.
ЖМКга маалымат жарыялангандан кийин милиция тергөө иштерин жүргүзүп, шектүүгө КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "бузуку аракеттер" беренеси боюнча айып таккан.
Токмок шаардык соту соттолуучуга карата мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
Арыз ээсинин айтымында, ал соттун өкүмүнө ыраазы жана аны колдоп, материалдык жактан жардам берип жаткан Токмок шаарынын бардык тургундарына ыраазы.
"Чоочун кыргызстандыктар балдарга тамак-аш, кийим-кече алып келип, акча которуп, балдарды мектепке чогултууга жардам беришти. Мен аларга ыраазымын", - деди аял.