Барак эксклавынын тургундары үчүн түптөлгөн жаңы айылдагы үйлөрдүн курулушу аяктап калды
RU

Барак эксклавынын тургундары үчүн түптөлгөн жаңы айылдагы үйлөрдүн курулушу аяктап калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Жаңы-Барак айылына салынып жаткан 101 турак үйдүн курулушу аяктап калды. Бул туурасында Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымдады.

Белгилүү болгондой, облус башчысы Эльчибек Джантаев, биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев менен биргеликте Кара-Суу районундагы Жаңы-Барак айылына барып, курулуп жаткан үйлөрдү көрүп, жакында аларды тапшырууга даярдык көрүү маселесин талкуулады.

Эльчибек Джантаев айылга келчү негизги ички жолго тез арада асфальт басып бүтүрүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырды. Мындан сырткары айылдын айланасын иретке келтирүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Учурда Жаңы-Барак айылында 38 гектар жерге салынып жаткан 101 турак үйдүн курулушу дээрлик аяктап калды. Үйлөрдүн баары бирдей үлгүдө бардык керектүү шарттары менен салынган.

Ошондой эле таза суу тартуу, саркынды сууларды чыгаруу системасын куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө айылдын 3 көчөсүндөгү 60 турак жайга таза суу түтүктөрү тартылган. Башка көчөлөрдөгү үйлөргө тартуу боюнча иштер жүрүүдө.

Ал эми электр энергиясы боюнча Кара-Суу райондук электр тармактар ишканасы тарабынан А35 электр зымдары тартылган. 1 көмөк чордону коюлуп азыркы учурда айыл толугу менен электр энергиясы менен камсыз болгон.

Эске салсак, Садыр Жапаров чек арадагы айылдар ар дайым өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда экенин белгилеп, жаңы айылдын түптөлүшүнө старт берген. Барак айылы Өзбекстандын аймагында жайгашкан эксклав болгондуктан, анын тургундары жарым-жартылай обочодо калып, көп жылдардан бери өз мекенине кирип-чыгууда кыйынчылыктарга туш болуп келишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17703