Барак эксклавынын жашоочулары үчүн Ошто жаңы айыл түптөлдү
RU

Барак эксклавынын жашоочулары үчүн Ошто жаңы айыл түптөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Барак эксклавынан көчүп чыккан тургундар үчүн жаңы айылдын курулушун баштап берди. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчы өз сөзүндө бул күндүн бардык кыргызстандыктар үчүн тарыхый маанисин белгиледи, анткени Барак айылы Өзбекстандын аймагында жайгашкан эксклав болгондуктан, анын тургундары жарым-жартылай обочодо калып, көп жылдардан бери өз Ата мекенине кирип-чыгууда кыйынчылыкты аябай эле тартышты.

Садыр Жапаров 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында "Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым чек ара тилкелерин делимитациялоо жөнүндө" келишимге кол коюлганын эске салды.

Президент Барак тургундарын Кыргызстандын жаңы аймагына көчүрүү - алардын жашоо шартын жана жай турмушун жакшыртууга карай маанилүү кадам болорун баса белгиледи.

Башкы планга ылайык, 38 гектар аянтка Жаңы-Барак айылынын курулушу башталат. Башкы планда 164 жаранга турак үй куруу үчүн 8 сотыхтан жер тилкесин берүү, 101 жаңы үйдүн курулушу, ошондой эле жаңы айылдын тургундарынын жашы жеткен балдарына жер участокторун бөлүп берүү каралган. Үйлөрдүн курулушун 31-августка чейин бүтүрүү пландалууда.

Долбоордун маанилүү бөлүгү жалаң гана турак жайларды эмес, социалдык инфраструктураны да түзүү, анын ичинде мектепти, көп кабаттуу турак үйдү, спорттук объекттерди жана медициналык пунктту куруу болуп саналат. Бул жаңы айылдын жашоочулары үчүн толук кандуу жана өнүккөн жер болушуна мүмкүндүк берет.

[

Садыр Жапаров чек арадагы айылдар ар дайым өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда экенин баса белгилеп, Жаңы-Барактын жашоочуларын жаңы айылды өнүктүрүү үчүн биргелешкен аракеттерге чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16095