Борбор калаада акысыз автобустар жүргүнчүлөрдү ташууда. Бирок бардык каттамдарда эмес
RU

Борбор калаада акысыз автобустар жүргүнчүлөрдү ташууда. Бирок бардык каттамдарда эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада акысыз автобустар жүргүнчүлөрдү ташууну улантууда деп эскертти. Билдирүүнү шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы таратты.

"Урматтуу жарандар! Маршруттук таксилердин айдоочулары линияга чыкпай жаткандыгына байланыштуу борбор калаада жарандарды бекер ташыган автобустар ишке киришти" деп билдирүүдө айтылат .

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, "Дордой" ассоциациясы жана "Алга" футболдук клубу тарабынан 18 орундуу берилген автобустар №100 маршруттук каттам менен жүрөт.

Эл аралык "Манас" аэропортунун транспорту жүргүнчүлөрдү №214 каттам менен ташууда.

Мадина базары эки автобус бөлүп берип, алар №211 маршруту боюнча убактылуу жүрөт.

Ошондой эле муниципалитеттин 110 автобусу жана 141 троллейбусу линияда иштейт.

Шаар боюнча жарандарды бекер ташуу уюштурулууда. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери схема боюнча иштешет: "Тунгуч" кичи району - "Ак-Ордо" конушу. Жалпысынан шаар боюнча 25 унаа иш алып барууда.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1888