"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
RU

"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

SuperTV каналынын кабарчысы Бактурсун Жоробеков 26-октябрда белгисиз адамдар тарабынан сабалган. Жабырлануучу окуянын кандай болгонун SuperTV`га баяндады.

Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө да байланыштуу болушу мүмкүн экенин айткан Жоробеков буларга токтолду.

"26-октябрда түнкү саат 23:30 чамасында тишим ооруп дарыканага чыккам. Алдыман 2 бала чыгып тамеки сурашты. Мен жок экенин айтсам жакалап, телефонумду, сумкамды да тартып алышты. Андан кийин дагы 2 бала кошулду. Алар сумкамдын ичиндеги акчаны алып, журналисттик күбөлүгүмдү көрүштү да "бул эми сасыйт, өлтүрүп эле салгыла" дешти. "Эртең арызданат, видеого тартып алалы" дешип бирөө телефонго тартып жатты. Калганы бети-башыма тээп жатышты. Алар айт деген сөздөрдү айтып жаттым, эмне дегенимди деле билбейм. Андан кийин эсимди жоготуптурмун, эсиме келип үйгө барсам саат 04:30 болуп калыптыр. Кан кустум, азыр башымдын бир капталы ооруп жатат, денелеримде сыйрылган тактар бар", - деди ал.

Журналист кол салууга чейин белгисиз адам чалып, ал даярдаган сюжеттерге байланыштуу коркутуп-үркүткөнүн айтат. Жоробеков бул окуя боюнча Ленин РИИБине арыз жазды. Аталган окуя боюнча "тоноо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси бул ишти жеке көзөмөлүнө аларын убадалады дейт журналист.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
ЖМК боюнча жаңы мыйзам ар бир социалдык тармактын колдонуучусуна терс таасирин тийгизеби?
27 Октябрь 2022, 18:40
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9061