Шаардын таштанды жайы кайрадан өрттөнүп жатат - аны түн ичинде даана байкоого болот
RU

Шаардын таштанды жайы кайрадан өрттөнүп жатат - аны түн ичинде даана байкоого болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окурман борбор калаанын түндүгүндө жайгашкан таштанды төгүлүүчү жайынын абалына нааразы.

Анын пикири боюнча, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция "шал" болуп, мамлекеттик органдардын "таштандыга тиши өтпөйт", аны жеңе албай жатышат.

Арыз ээси акыркы үч айдан бери күн сайын терезеден бул көрүнуш байкалганына нааразы: күндүз таштанды түтүн түтөтүп жатат, бирок түн киргенде ал күйө баштайт.

"Эки жума мурун бийлик бул көйгөй жөнүндө расмий түрдө билген, бирок иш ордунан жылган жок. Шамал болгондо Бишкек шаарынын так ортосуна түтүн келип, уулуу заттардын бардыгы шаардыктардын өпкөсүнө толуп жатат", - деп белгиледи окурман.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2349