Таштанды полигонунун жанындагы жаңы конуштардын тургундары экологияны куткара башташты
RU

Таштанды полигонунун жанындагы жаңы конуштардын тургундары экологияны куткара башташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өтүп кеткен дем алыш күндөрү "Алга элим" жана "Алтын казык Канат" жаңы конуштарынын тургундары субботник жарыялап, көчөттөрдү тигишти. Келечекте алар абаны тазалап, жайкысын көлөкө берип турушат.

Көчөттөрдү каналды бойлой жана мүрзөнүн алдына тигип, инфраструктураны жакшыртуу аракеттерин көрүштү.

Белгилей кетсек, жылына бир нече жолу таштанды свалкасына шаардык кеңештин депутаттарынан турган комиссия келип турат. Алар бул жакта жашаган жарандарга түрдүү убадаларды берип, жардам беребиз деп айтышат, бирок бир нече күндөн кийин айткан сөздөрүн, дегеле бул район тууралуу унутуп калышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1176