"Эки башка үйдө жашайт экен". Экинчи аял алган эркекке козголгон кылмыш иши токтотулду
RU

"Эки башка үйдө жашайт экен". Экинчи аял алган эркекке козголгон кылмыш иши токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Июндун башында Сузактын тургуну экинчи аял алып, дүнгүрөтө той берип жаткандагы видео социалдык тармактарга кеңири тарап, кызуу талкуу жараткан болчу. Ал тойго биринчи аялы бала-чакасы менен катышкан. Жалал-Абад облусунун ИИБси милиция көп аял алуу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жаткандыгын билдирген. Бүгүн, 12-июлда ал иш боюнча өндүрүш токтотулганы белгилүү болду.

Облусттук ИИБнин пресс-кызматы берген маалыматка ылайык, кылмыш ишинин курамы жок болгондуктан иш токтотулду. Жазык кодексинин "Көп аял алуу" 179-беренесине ылайык, айыпталган жаранды жоопкерчиликке тартуу үчүн эки аялы тең бир үйдө жашап жаткандыгын далилдөө зарыл. Тергөөчүлөр иликтөөнүн жүрүшүндө бул жарандын аялдары башка-башка даректер боюнча жашагандыгын анкыташкан", - деп ведомоство билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2543