Сузакта экинчи аял алуу фактысы боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат
RU

Сузакта экинчи аял алуу фактысы боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда экинчи аял алуу фактысы боюнча милиция иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына облустук ГУВДнин басма сөз кызматы билдирди.

Июнь айынын башында социалдык тармакка Сузак районунун тургуну экинчи аял алып, той берип жаткан видео кеңири тарап кеткен.

"Бул окуя Сузак РИИБсине КРдин Жазык кодексинин "Эки же андан көп аял алуу" 179-беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки иш козголду. Сузак РИИБсинин тергөө кызматы тиешелүү чараларды көрүп жатат", - деп басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2019