"Сонун күн!" Илья Варламов Оштон Бишкекке баратып табияттын кооздугуна суктанды. Фото
RU

"Сонун күн!" Илья Варламов Оштон Бишкекке баратып табияттын кооздугуна суктанды. Фото

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атактуу россиялык блогер Илья Варламов Оштон Бишкекке карай жолдун кооздугуна суктанып, бул тууралуу өзүнүн телеграм каналына жазган.

"Айымдар жана мырзалар! Азыр силер түшүнө албай турган жыргалчылык башталат!" - деп блогер жазган. - Бүгүн эртең менен мен кызыксыз, жана жүдөткөн күнгө даярданып жаткан болчумун. Анткени, Оштон Бишкекке машине менен чыгууга аргасыз болдум! Бул 650 километр, тагдырымдын татаал жолу! Айдоочу канча жүрөбүз деген суроомо ойлуу 12-14 саат, деп жооп берди. Кыскасы, кыргыздын тирукмуш жолдорунда силкилдеп жүрүү перспективасы маанайымды көтөргөн жок.

Бирок! 17 саат! 17 сааттан кийин мен кубанычымды сөз менен айтып бере албай турам. Бул кулагы укпаган адамга музыка кандай экенин түшүндүрүп берүүгө барабар, же болбосо единоростун мүчөсүнө ачык шайлоо кандай өтө турганын түшундүрүп бере албагандай сезим. Мүмкүн эмес! Мен далай жерлерди көргөм, мага ишенип койгула, Ош - Бишкек жолу эң кооз жолдордун бири экен!

Жолдо баратып, бактылуу жана жароокер адамдарды кезиктирдим! Алар боз үйлөрүндө бир үй бүлө болуп жашашат. Уй, жылкы багып, куурдак жеп, кымыз ичишет. Мындан артык дагы эмне керек? Такыр башка жашоо. Силер барыбир түшүнбөйсүңөр! Эх, кандай сонун күн өттү!" - деп Варламов жазды.

Ал өзүнүн постун жолдон тартып алган кооз сүрөт менен толуктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2570