Илья Варламов Ошто. "Мэриянын кызматкеримин" деген эже шаарды тартууга тыюу салды
RU

Илья Варламов Ошто. "Мэриянын кызматкеримин" деген эже шаарды тартууга тыюу салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык блогер Илья Варламов кайрадан Кыргызстанга келди. Бул ирет ал Ош шаарына бет алды.

Ал өзүнүн баракчасына көргөндөру менен бөлүштү. Борбордук көчөдө жаткан таштандылар, ичимдиктен калган бош бөтөлкөлөр, имараттын бетиндеги талкаланып калган мозаиканы көрсөттү.

Варламовду тааныгандар анын келгенине кубанып, өз баракчаларында белгилеп жатышат. Бирок, блогердин келиши дароо эле инцедент менен коштолду. Анын айтымында белгииз аял, өзүн мэриянын кызматкеримин деп тааныштырып, шаарды видеого тартууга тыюу салган. Оштун мэриясы бул аял муниципалитетте иштебейт жана аны биринчи жолу көрүп жатышканын Kaktus.media'га билдиришти.

Эске салсак, Илья Варламов Бишкекке өткөн жылдын сентябрь айында келип кеткен. Ал бир нече күн шаарда болуп, жергиликтүү көзгө урунттуу жерлерди, инфраструктураны көрүп: "Бишкек - өтө начар шаар", - деген корутунду чыгарган. Ошол эле учурда Кыргызстандын эли абдан ачык жана жароокер калк экенин белгилеген. Блогердин видеосу коомдо кызуу талкуу жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2542