Садыр Жапаров: "Эч ким вакцинаны бекер берген жок. Вакцинаны кызылдай акчага сатып алдык"
RU

Садыр Жапаров: "Эч ким вакцинаны бекер берген жок. Вакцинаны кызылдай акчага сатып алдык"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкектеги соода борборлордун биринде коронавируска каршы вакцина алды. Анда ал вакцина тууралуу тарап жаткан маалыматтарга элди ишенбөөгө чакырды.

"Социалдык түйүндөрдө элге кайрылып "бул вакцина туура эмес. Элге зыян алып келет" дегендерге ишенбегиле. Аксакалдарга да кайрылам, элди антип адаштырбаңыздар. Вакцинаны эч ким кыйнап алдыртпайт. Ар бир адамдын жеке каалоосу менен болот", - деди президент.

"Вакцинаны Кытай тарап бекер бериптир, 70% эмдөөдөн өтпөсө мамиле кылбайбыз деп жатыптыр" деген жалган маалыматтар тарап жатат. Буга ишенбеңиздер! Эч ким вакцинаны бекер берген жок. Биз кызылдай акчага, мамлекеттин, элдин акчасына сатып алдык. Миллиондон ашык вакцинаны сатып алдык, ал эми 300 миң вакцинаны Кытай өлкөсү жардам катары берди. Албетте, биз ыраазычылык айтышыбыз керек. Андан тышкары Орусиядан 20 миңден ашык вакцинаны сатып алдык. Ар бир адам вакцинаны алгыла", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2682