Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы эмделди. Кайсы вакцина менен?
RU

Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы эмделди. Кайсы вакцина менен?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-июлда, Бишкектин Биринчи май эмдөө бөлүмүндө, "Бишкек парк" соода борборунда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров коронавирустан вакцина алды.

Процедурага ЖМКлар чакырылган болчу. Президент кытайдын Sinopharm вакцинасын алды. Президент менен бирге анын уулу Рустам да эмдөөдөн өттү.

Белгилей кетчү жагдай, бул ирет медайым перчатки кийип, ийне сайды. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев вакцина алып жатканда медайым перчатки кийген эмес. Мындай көрүнүш коомчулукта кызуу талкуу жараткан болчу.

Мамлекет башчысы учурда Кыргызстанда канча вакцина бар экендигин айтып, бардык жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2706