Кыйратып салгансып эс алганы кетишти. Жыйын учурунда Жогорку Кеңештин залы бош калган
RU

Кыйратып салгансып эс алганы кетишти. Жыйын учурунда Жогорку Кеңештин залы бош калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште бүгүн, 29-июлда парламенттин кезексиз сессиясынын жыйынтыктоочу жыйыны өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибинде 22 маселе бар, анын төртөөсүн алып салууну депутаттар сунушташты, бирок Аида Касымалиева бардыгын ошол бойдон калтырды.

Ушу тапта залда 120 депутаттын 15и гана отурат. Бул жагы түшүнүктүү. Азыр талкууланып жаткан Баткен облусуна өзгөчө статус берүү менен байланышкан мыйзам долбоору алар үчүн кечээ добуш берген долбоорлорго караганда анчалык деле маанилүү эмес да. Ал эми кечээ алар президент Садыр Жапаровдун социалдык тармактардагы фейк аккаунттарды бөгөттөөгө жана шайлоо жөнүндөгү мыйзам долбооруна колдоо көрсөтүү өтүнүчүн аткаруу үчүн келишкен. Мунун баары, мамлекет башчысы уюштурган кабыл алуудан кийин, айрым депутаттар айткандай, жасалган иштер үчүн ыраазычылык иретинде ишке ашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2811