Садыр Жапаров депутаттарга эмне тамак берип коноктоду?
RU

Садыр Жапаров депутаттарга эмне тамак берип коноктоду?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 27-июлда өлкөнүн президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чакырткан болчу. Жолугушуунун айрым деталдары Kaktus.media'га белгилүү болду.

Депутаттардын айтымында, бул салттуу чайга чакыруу. Парламенттеги чакырылыштын мөөнөтү аяктаганда, мамлекет башчысы жасалган иштер үчүн ыраазычылык билдирип, депутаттарды коноктойт. Мындай салт Аскар Акаев президент болгон учурда эле пайда болгон.

Иш чарага депутаттардан тышкары спикер, жана министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, президенттин администрациясынын кызматкерлери да чакырылды.

Мамлекет башчысы, спикер, фракция лидерлери, аксакалдар сөз алып, каалоо-тилектерин айтышкан. Бирок эч кимге чапан, калпак кийгизилген жок жана ыраазычылык грамоталары да берилген эмес. .

"Кабыл алуу жайдары маанайда өттү", - деп депутаттардын бири белгиледи.

Kaktus.media депутаттарга кандай тамактар тартылганын кызыгып сурады. Дасторконго эттин жана салаттын бир нече түрү, боорсок коюлган. Биринчи тамак катары вегетариандык (эти жок) шорпо берилип, андан кийин бууга бышырылган балык сунушталды. Соңунда беш бармак тартылып, ошону менен кече аяктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2787