Эмнеге Сузактагы мугалимдер мектеп кура башташкан? Билим берүү министрлигинин түшүндүрмөсү
RU

Эмнеге Сузактагы мугалимдер мектеп кура башташкан? Билим берүү министрлигинин түшүндүрмөсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү министрлиги Сузак районунун айылдарынын биринде мугалимдердин өз алдынча мектеп кура баштаганы боюнча түшүндүрмө берди.

Буга чейин мектеп жетекчилиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына

мектептин лабораториясы, китепканасы жана архиви үчүн кошумча имарат куралы деген өтүнүч менен кайрылган. Бул тууралуу Сузак районунун С.Атабеков атындагы орто мектебинин директору Хасият Сайпилаева билдирди.

2021-жылы жергиликтүү бюджеттен курулушка деп 1 миллион 106 миң сом, ал эми долбоордук-сметалык документтерге 257 миң сом каралган болчу. Калган бөлүгүн каржылоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

"Жакында мектепте курулуш иштери башталды. Мектептин мугалимдери куруучуларга жардам берүү үчүн өз демилгелери менен ашар уюштурушкан",- деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, өткөн аптада имараттын пайдубалын куюп жаткан мугалимдердин видеосу социалдык тармактарга тарап кызуу талкуу жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3138