Сузакта мектептин пайдубалын мугалимдер өздөрү курушкан
RU

Сузакта мектептин пайдубалын мугалимдер өздөрү курушкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында Атабеков мектебинин мугалимдери кошумча имарат куруп жатат. Тиешелүү видеону YouTubeга блогер Санжар Калматай жарыялаган.

Жергиликтүү тургундар балдар эски мектептин имаратына батпай турганын айтышты. Быйыл аны жанына чакан имарат куруп кеңейтүү чечими кабыл алынды. Жайкы каникулда жайкы имараттын пайдубалын усталардын жетекчилиги астында мугалимдер өздөрү куюшкан. Алар ашар ыкмасы менен иштешкен.

Жергиликтүү тургундар мугалимдерге активдүүлүгү, ишине берилгендиги жана физикалык жактан оор жумуштарды аткарууга макулдугу үчүн ыраазычылык билдиришет. Ошондой эле, жергиликтүү тургундар региондордо элдер өз көйгөйлөрү менен жалгыз калганына өкмөткө нааразычылыгын билдиришүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3111