"Эжеси менен уруша кеткен. Милиция 17 жаштагы Азим өзүн-өзү өлтүргөн деп эсептейт
RU

"Эжеси менен уруша кеткен. Милиция 17 жаштагы Азим өзүн-өзү өлтүргөн деп эсептейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция 17 жаштагы Азим өз жанын өзү кыйгандыгы тууралуу айтып берди. Анын жоголгондугун жакындары кабарлашкан болчу.

Балыкчы ШИИБдин башчысы Улан Кыдыргычевдин айтымында, 24-августта саат 19:10 чамасында милицияга "Судоремонт" заводунун чыгыш тарабында жайгашкан эски имараттардын биринде белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Жансыз адамдын жашы болжол менен 18-20 жашта болгон.

Ал жерге шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу келип, "белгисиз адам арканга асылганын" аныкташкан. Сырткы экспертизанын жүрүшүндө маркумдун денесинен ур-токмоктун издери табылган эмес, деп айтылат маалыматта.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун өздүгү аныкталган. Көрсө, мурда дайынсыз жоголгон деп милиция издеп жүргөн 17 жаштагы С.А. атуу бала болуп чыкты. Жаш жигитти туугандары тааныган.

Шаардык милициянын башчысынын айтымында, 15-августта Балыкчы ШИИБге Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Аялдын айтымында, анын уулу 17 жаштагы С. А. 13-августта саат 11:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Милиция дайынсыз жоголгон баланын 27 жаштагы эжеси, Балыкчы шаарынын тургуну менен сүйлөштү. Анын көрсөтмөсүнө ылайык, иниси убактылуу анын Балыкчыдагы үйүндө жашап, дүкөндөрдүн биринде иштеп жүргөн. Дем алыш күн алгандыктан келишпестик болуп, ошол күнү экөөнүн ортосунда чыр чыгып, уруша кетишкен. Жигит таарынып, үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3190