Депутаттар кайтып келе жатышат. Жогорку Кеңеш эртең өз ишин баштайт
RU

Депутаттар кайтып келе жатышат. Жогорку Кеңеш эртең өз ишин баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 1 -сентябрда салт боюнча Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын расмий ачылышы болот.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, саат 10:00дө VI чакырылыштын депутаттары жыйынга чогулат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 6 -чакырылышы 2015 -жылдын 4 -октябрында шайланган. 15 -октябрда БШК шайлоону өттү деп таап, мандатты алты партияга бөлүштүргөн. Ошол эле жылдын 28 -октябрында VI чакырылыштын депутаттары биринчи жыйынын өткөрүп, өз милдеттерин аткарууга киришкен.

2020 -жылдагы октябрь окуясынан кийин Жогорку Кеңеш ыйгарым укуктарын узартып, өлкө үчүн бир катар чечүүчү мыйзам долбоорлорун кабыл алды.

Белгилей кетсек, жаңы парламентке шайлоо 28 -ноябрда өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3296