Жогорку Кеңешке жаңы шайлоо качан болору белгилүү болду
RU

Жогорку Кеңешке жаңы шайлоо качан болору белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында жаңы парламенттик шайлоо өтөт.

"Президенттин жарлыгы менен ушул жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнү аныкталат.

2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана беш жылдык мөөнөткө шайланат", - деп айтылат президенттик администрациянын билдирүүсүндө.

ЖКга депутаттарды шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

2021-жылдын 27-августунда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу конституциялык Мыйзам күчүнө кирген. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жаңы тартиби каралган. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүү каралган.

Ал эрежеге ылайык, добуш берүүнү аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү каралат. Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округдан (36 мандат) шайланат.

Депутаттардын санынын өзгөрүшү, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган талаптар, жаңы шайлоо системасын киргизүү, кийинки чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарына жаңы шайлоону дайындоо жана өткөрүү каралат.

Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, президент Жогорку Кеңешке шайлоону дайындайт. Бул жарлык бүгүндөн баштап күчүнө кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3272