Бир жигит үйүнө төрт кичинекей кызды алып келип зордуктоого аракет кылган
RU

Бир жигит үйүнө төрт кичинекей кызды алып келип зордуктоого аракет кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир жигит төрт кичинекей кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелип, камакка алынып СИЗОго жеткирилди. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Талас облусунун ИИБсинен билдиришти.

Такталган маалыматка ылайык, 3-сентябрь күнү "102" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө белгисиз эркек киши Талас шаарынын борбордук көчөсүнөн ары-бери чуркап жүрөт деген билдирүү келип түшкөн.

Текшерүү иштери жүрүп жатканда ИИБге төрт киши арызы менен кайрылган. Алардын айтымында 1999-жылкы жергиликтүү тургун үйүнө төрт кичинекей кызды (беш жаштагы, эки алты жашар жана сегиз жаштагы) киргизип алып, зордуктоого аракет кылган.

Бул факт "бузукулук аракет жасоо" беренеси боюнча катталып, кыздарга тиешелүү экспертиза дайындалды.

Кечээ, 6-сентябрда шектелүүчү А.Т. камакка алынды. Ал Таластын шаардык соттун чечими менен кармалып, тергөө жүргөн мезгилге, эки ай камакта болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3400