Кечээ караколдо өрттөнгөн бургер павильонун өрт өчүрүүчүлөр кар менен өчүрүшкөн
RU

Кечээ караколдо өрттөнгөн бургер павильонун өрт өчүрүүчүлөр кар менен өчүрүшкөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 10-январда Каракол шаарында бургер саткан павильон өрттөнүп, 20 жаштагы кыз каза болгон. Окуя болгон жерге келген өрт өчурүүчүлөр отту кар менен өчүрүүгө аракет кылышкан, анткени алардын шлангдары тешилип калган. Бул тууралуу Kaktus.media'га көргөндөр айтып беришти.

Алардын айтымында, өрт өчүрүүчү техника СССР мезгилинен бери кызмат кылып келет. Машинелер абдан эски, шлангдары тешик, бак тешик.

Кырсык катталган жерге жеткиче эле суусунун бары агып калат, отту өчүрүүгө аракет кылганда да, шлангилер тешик болгондуктан суу башка жака чачырайт. Ушунча жылдан бери жок дегенде 3-4 машине бөлүп берсе болот болчу да, - деп окурман нааразычылыгын билдирди.

Окурман бул суроосу менен Караколдун мэрине кайрылганын да айтты. Шаар жетекчиси өнүктүрүү фондуна кайрылган экен, ал жактан бюджеттин эсебинен бөлүп берүүгө акысы жоктугун айтып, бардыгын министрлик чече турганын билдиришкен.

Видеодо элдер кар менен өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/350