Караколдо бургер саткан павильон жарылды. Жаш кыз каза болду
RU

Караколдо бургер саткан павильон жарылды. Жаш кыз каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында газ баллон жарылып, 6 адам жаракат алып, бир жаш кыз каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Kaktus.media'га ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка ылайык, "Кыргыз бургер" деп аталган тез тамактануучу жайда, саат 15:16да газ баллон жарылган. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү бригада чыгып, 15.30да өрт чектелип, 15.42де толугу менен өчүрүлгөн.

Жарылуунун айынан 2000-жылы туулган кыз каза болуп, дагы 6 адам ар түрдүү оордуктагы күйүктөрү менен ооруканага жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/344