Коляскасы бар келинди салбай койгон айдоочуну жана ал иштеген фирмага айып пул салынды
RU

Коляскасы бар келинди салбай койгон айдоочуну жана ал иштеген фирмага айып пул салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

№203-маршрутту тейлеген жүргүнчү ташуучу компанияга "Мыйзам бузуулар тууралуу" 293-берене боюнча протокол түзүлүп 13 миң сомдук айып пул салынды. Маршруттун салонуна коляскасы бар келинди салбай койгон айдоочуга да "Мыйзам бузуулар тууралуу" Кодексинин 271 берене 2 бөлүм, 205-берене 2 бөлүм жана 134-берене 2 бөлүм боюнча протокол түзүлүп 11 миң 500 сомдук йып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык автотранспортту башкаруу агенттиги "Совет Бригады" ЖЧКсынын жетекчилигин жана айдоочунун чакыртып мындай инцидент башка айдоочулар менен да кайталанбашы үчүн түшүндүрүу иштерин жүргүздү.

Борбор шаардын мэриясы коомдук транспорттун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасап, жол эрежелерин сактоо керектигин эскертет. Андан тышкары маршруттардын салондору таза болууга тийиш.

Эске салсак, кечээ социалдык тармакта маршруттун айдоочусу коляскасы бар келинди салонго салбай, ага орой мамиле жасап, түртүп жаткан видео тараган. Кийин ал бишкектиктерге кайрылып кечирим сурап, мындан ары мындай көрүнүш кайталанбай тургандыгын айткан. Бирок кийинчерээк ал бары бир жумушунан алынгандыгы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3747