Маршрутканын айдоочусу колясканын айынан балалуу аялды салбай койду. Видео
RU

Маршрутканын айдоочусу колясканын айынан балалуу аялды салбай койду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда 203-кичи автобустун айдоочусу коляскадан улам аял менен баласын салонго киргизбей койгон видео тарады.

Эркек эне менен баланы түртүп, коляска менен алып барбайм деп кыйкырган. Келин ага болбой мартшруткага отурууга аракет кылып, коляска үчүн акча төлөөнү убада кылган. Бирок, айдоочу аларды түртүп чыгарып, эшикти жаап кетип калган.

Борбордун шаардык транспорт башкармалыгы бул каттамды тейлеген "Бригада Кеңешинин" башчысын сүйлөшүүгө чакырышканын кабарлашты. Алар айдоочуну иштен алганга чейин дисциплинардык чараларды көрүүнү убада кылышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3734