"Садыр Нургожоевичке рахмат". Самара Каримова музыкалык окуу жайдын жамааты менен таанышты
RU

"Садыр Нургожоевичке рахмат". Самара Каримова музыкалык окуу жайдын жамааты менен таанышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош музыкалык окуу жайында жаңжал чыкты. Училищенин жамааты Самара Каримованын директор болуп шайланышына каршы.

Бүгүн, 14-январда, Самара Каримова жамаат менен таанышуу үчүн музыкалык окуу жайга келген. Бирок, коллектив ага каршы чыкты. Алардын пикири боюнча, министрлик Каримованын пайдасына чыккан соотун чечимине даттануу менен кайрылып, мурунку директорду кызмат ордунда калтырышы керек болчу.

"Бизде, Кыргызстанда, бардыгы сатылып калганбы? Эмне үчүн министрлик соттун чечимине даттанбайт? Азыркы жетекчибиз жакшы эле иштеп жаткан, коллективдин ага нааразычылыгы жок. Жетекчини жумуштан кетирүү талабын коллектив гана кое алат", - деди музыкалык окуу жайдын кызматкерлеринин бири.

Самара Каримова өзүнүн сөзүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирүүдөн баштады.

"Менин колумда бардык тиешелүү документтер бар. Сот адилет чечим чыгарганы үчүн Садыр Нургожоевичке чоң рахмат", - деп Каримова сүйлөп баштаган. Бирок анын сөзүн нааразы педагогдор бөлүштү.

"Садыр Жапаровдун буга кандай тиешеси бар?!", - деп көпчүлүк кыжырданды.

Алардын айтымында, Каримованын кайтып келиши алар үчүн күтүүсүз болду.

"Биз кечээ эле угуп, шок абалында калдык. Эки жыл мурун директор болуп келет дегенде да шок болгонбуз. Адискөй мугалимдерди кантип ырчы башкарат", - дейт педагогдордун бири.

Самара Каримова кызматтан баш тартпай турганын билдирди.

"Эки жыл мурун мени училищенин директору кылып шайлашкан, бирок министр Азамат Жаманкулов өзүнүн буйругу менен мени иштен кетирген. Ал мыйзамды жана менин укугумду бузган. Жарым жыл соттошуп жүрдүм, юристтер менен иштедим. Натыйжасында, сот, министрликтин чечимин мыйзамсыз деп таап, мен соттон утуп чыктым. Биз, кечээ Маданият министрлиги менен жолукканбыз, ошондуктан окуу жайдын жетекчилери бардыгын билчү", - деди Каримова.

Оштогу музыкалык окуу жай өлкөдөгү эң ири музыкалык мекемелердин бири болуп саналат. Ал жерде 93 адам иштеп, 229 студент билим алат.

Эске салсак, 2018-жылдын 24-октябрында, ырчы Самара Каримова Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп дайындалган. Алты күндөн кийин, 1-ноябрда, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жаңыдан министр болуп келген Азамат Жаманкулов Каримова боюнча буйрукту жокко чыгарган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/401