Самара Каримова Маданият министрлигине каршы сот ишин утуп алды
RU

Самара Каримова Маданият министрлигине каршы сот ишин утуп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Самара Каримова Маданият, маалымат жана туризм министрлигине каршы сот ишин утуп чыккандыгы тууралуу ведомство Kaktus.media редакциясына билдирди.

Ырчы анын мыйзамсыз жумуштан кетирилиши боюнча сотко доо-арызы менен кайрылган болчу. Сот чечимди ырчы тарапка кабыл алып, эми ал Ош шаарындагы музыкалык окуу жайынын директору кызматына кайра кайтып келет.

Эске салсак, 2018-жылдын 24-октябрында, ырчы Самара Каримова Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп дайындалган. Алты күндөн кийин, 1-ноябрда, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жаңыдан министр болуп келген Азамат Жаманкулов Каримова боюнча буйрукту жокко чыгарган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/389