Садыр Жапаров Ташиев экөөнүн ортосундагы "кара мышык" жөнүндө айтып берди
RU

Садыр Жапаров Ташиев экөөнүн ортосундагы "кара мышык" жөнүндө айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-октябрда Садыр Жапаров жыл жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынын өткөрүп, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев экөөнүн мамилеси начарлагандыгы боюнча комментарий берди.

Сиздин Ташиев менен мамилеңиз начарлап кетти, ортоңордон "кара мышык аралады" деген сөздөр айтылып жатат. Ушул тууралуу айтып бериңизчи", - деп журналисттердин бири сурады.

"Эч качан бузулбайт. Биш башкалардай эмеспиз. 16 жылдан бери биз жакын таанышпыз. 2015 жылдан бери саясатта бирге келе жатабыз. Саясаттын ысыгына күйдүк, суугуна тоңдук. Баспаган чокту да бастык, сууну да кечтик, бардык азаптарды да бирге тарттык, жыргалчылыкты да бирге көрдүк. Ошондуктан эч кандай мамилебиз бузулбайт. Мындан ары дагы бузулбайт. 100% кепилдикти кудай гана берет, 99% кепилдикти мен берем сиздерге. Бул ушак сөздөр. Албетте коомчулукта "экөөнү чабыштыра коеюн, анан ортодо мен пайда көрөйүн", деген саясатчылар көп бизде. Аракет кылышта алар. "Ой, сен УКМКнын башчысы болуп отура берсең, жок болуп кетесиң эртең. Эл унутуп калат сени. Парламентке барып, спикер боло калышың керек", деп. Бирок биз андайга алдырган жокпуз", - деп президент жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4036