Ташиевге жооп кайтардыбы? Интернетке Садыр Жапаровдун көрө албастык жөнүндө видеосу чыкты
RU

Ташиевге жооп кайтардыбы? Интернетке Садыр Жапаровдун көрө албастык жөнүндө видеосу чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун көрө албагандар тууралуу видеосу жайылып кетти.

Анда президент кат жазып, көз жашын сүртүп тоодо турган кадрларды көрүүгө болот.

"О-оо, Жараткан! Эми мен иштейин десем, иштегенге мүмкүнчүлүк бербей жалган жалаа, ушак-айың менен уулаган ичи тар, көрө албастык деген илдеттен арыла албай, карасанатайларга жем кылбай, эрк бер! Адамда эрк болбосо, дем болбосо, калганы арзыбаган кеп да. Адам баласында эң аруу тилек - бул ишеним. Кандай болгон күндө да ишеничти актоо, ишеничти сактоо ыйык парз. Биз ишеничтен уланабыз, ишеничтен куралабыз. Демек, ата-журт алдындагы моюнубузга артылган оор жүк - мекенди көздүн карегиндей сактап, болочок муунга жүзүбүз жарык пейилибиз ак бойдон баруу улуу милдет. Ата-журтум сан миң жылды карыткан улуу Кыргыз өлкөм кандай күн болгондо да сенин ишеничиң өмүрдөн да кымбат турарын дагы бир ирет баса белгилеп айткым келет", - деп айтылат.

Монолог Камчыбек Ташиевдин жакын адамдардын чыккынчылыгы, достордун сатып кеткендиги тууралуу видеосунан кийин пайда болду. Социалдык тармактын колдонуучулары бул президенттин досуна болгон жообу, деп божомолдошууда.

Kaktus.media жогорудагы монологдун тарыхын сураштырды. Президенттин басма-сөз кызматынан билдиргендей, бул Садыр Жапаровдун "Улуу күрөш" деп аталган 13 мүнөттүк монологунан үзүндү. Видео өткөн жылы, шайлоо алдындагы үгүт иштери жүруп жаткан учурда, "Садыр Жапаров президент" деген YouTube-каналга жарыяланган.

Видеонун толук версиясында Жапаров Жаратканга, атасынын жаркын элесине кайрылат. Ал басып өткөн кыйынчылыктары тууралуу айтып берип, түрмөдөгү күндөрүн, каза болуп калган уулун эскерет. Атасынын, баласынын сөздөрүн эстейт. Мунун бардыгы анын соттогу, парламенттеги сүйлөгөн архивдик видеолору жана үй-бүлөлук сүрөттөр менен коштолот.

Оригинал версиясында видео Жапаровдун токой аралап сейилдеп баратканы менен бүтөт. Ал эми бул фрагментте Жапаров көз жашын арчып жаткан кадр менен бүтүрүп коюшкан.

Басма сөз кызматынын айтымында, видеону белгисиз адамдар монтаждап, интернетке чыгарып жиберишкен.

Акыркы кезде коомчулукта Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев экөөнүн ортосунда конфликт бар деген имиштер айтылып жатат. Бул ушак айыңдын фонунда Камчыбек Ташиевдин достордун сатып кеткендиги тууралуу видеосу чыккан болчу. Ташиевдин командасы, видео өткөн жылдын күз айларында эле тартылып, Камчыбек Кыдыршаевичтин башка досторуна багытталган, деп түшундүрмө беришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3162