Сегизинчи кабаттан боюн таштаган жигит каза болду
RU

Сегизинчи кабаттан боюн таштаган жигит каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында көп кабаттуу имараттын үстүнөн боюн таштаган 22 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, саат 12.39да "102" кызматына Байтик Баатыр жана Абды Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын үстүнө чыгып алган жигит тууралуу маалымат түшкөн.

Ал жанын кыя турганын айтып коркуткан. Бир нече саатка созулган көндүрүү аракетинен майнап чыкпай, ал сегизинчи кабаттан боюн таштаган.

Окуя болгон жерде турган тез жардам кызматкерлери аны ооруканага алып баратканда үзүлгөн.

Маркум 1999-жылы туулган Т.М. аттуу жаран экени аныкталды. Учурда милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10 адамдан турган куткаруучу топ жана психологдор иштегенин билдирди. Учурда окуя боюнча ички иликтөө жүрүп жатат.

Суицид боюнча Борбор Азияда Казакстан биринчи орунда, андан соң Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан турат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жылына 700 миң адам жашоодон аша кечкенин эсептеп, жылына суицидден ВИЧ, безгек, эмчек рагы же болбосо согуштан да көп адам көз жумарын маалымдады. Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар көбөйгөнүн адистер айтышууда.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4085