Россиянын полициясы сабаган кыргыз жигиттин достору окуя тууралуу айтып беришти
RU

Россиянын полициясы сабаган кыргыз жигиттин достору окуя тууралуу айтып беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россияда полиция тарабынан токмоктолгон 21 жаштагы Кыргыз жаранынын достору окуя тууралуу айтып беришти. Алардын кайрылуусун блогер Ринат Усупбаев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Бул окуяны өзүңүздөр социалдык тармактар аркылуу байкап эле жатасыздар. Бул окуяга биз так, туура маалымат берип кетсек. Окуя өзү 2-ноябрда болгон. Полиция кызматкерлери тарабынан унаа жолдун четине токтотулуп, документ текшерүүгө алынган. Эч кандай каршылыксыз эле документин текшерткен. Ошол жерден алар күчкө салып, полиция бөлүмүнө баруусун талап кылган. Биздин досубуз жөн гана жетекчисине чалып, унаасын берип жиберүүнү өтүнгөн.

Бирок алар ага көнбөстөн убактылары жок экенин айтып, ур-тепкиге алып, полиция бөлүмүнө алып барышкан. Ал жактан полиция кызматкерлери досубузду мажбурлап кол койдурушкан", - деди жабырлануучунун достору.

Мындан тышкары, алар мындай окуя буга чейин дагы болуп келгенин, бул элчиликтин жана Орусиядагы Кыргыз жарандарынын шалаакылыгынан мындай окуялар көмүскөдө гана калып кетип жатканын айтышты.

Буга чейин блогер Ринат Усупбаев Россияда эки полиция кызматкери белгисиз жаранды сабап жаткандагы видеосун социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, сабалган адам Кыргыз жараны экенин айтып, Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Өз кезегинде Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги токмоктолгон адам Кыргыз жараны экендигин билдирген.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4230