Россияда полиция белгисиз жаранды сабады. Ал кыргыз болчу деп айтылууда
RU

Россияда полиция белгисиз жаранды сабады. Ал кыргыз болчу деп айтылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россияда полиция кызматкерлери белгисиз жаранды ур-тепкиге алган видео тарады. Видеону блогер Ринат Усупбаев социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, сабалган адам кыргыз жараны экенин айтып, Тышкы иштер министрлигине кайрылды.

"Тышкы иштер министрибизге кайрылат элем. Жараныбызды коргоого чара көргүлө, каршылык көрсөтпөсө дагы эмнеге сабап жатышат? Бул ачык эле шылдыңдоо. Россия элчилигине нааразычылык нотасын жөнөтүүнү талап кылабыз", - деп жазып, видеону жүктөдү.

Видеодо эки полиция кызматкери белгисиз жаранды уруп жатканын көрүүгө болот. Жанында турган адамдар полиция кызматкерлерине аны сабабоону айтышкан.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4159