Камчыбек Жолдошбаевдин кудасы чын эле добуш сатып алып жатканбы? УКМКдан рассмий жооп
RU

Камчыбек Жолдошбаевдин кудасы чын эле добуш сатып алып жатканбы? УКМКдан рассмий жооп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчыбек Жолдошбаев шайлоочуларды сатып алууда делип айыпталууда. Анын кудасы учурда СИЗОдо. УКМКдан толук маалымат.

Бишкек шаарындагы шайлоочуларды сатып алуу фактысына шектелип, УКМК тарабынан No26 Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин кудасы Муктарбек Сыдыков кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Сыдыков Бишкек шаарынын Ленин райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагалары аркылуу шайлоочуларды ири өлчөмдө сатып алууну уюштурган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Сыдыков 16-ноябрь күнү Ленин районунун төрт шайлоочусуна 8 миң сомдон тараткандыгы аныкталган. Акча алган шайлоочулар да түшүнүк каттарын жазышкан.

"Шектүү пара менен кармалды. Анын унаасынан 39 миң сом табылган. Бул акча шайлоочуларга бөлүштүрүүгө багытталган болушу мүмкүн. Муну дареги жазылган шайлоочулардын тизмелери далилдеп турат", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Мындан сырткары эки агитатордун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, шайлоочулардын тизмеси жана 138 миң сом табылган.

Мухтарбек Сыдыков КР Кылмыш-жаза кодексинин шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча айыпталып, УКМКнын СИЗОсуна камалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4371