"Дагы 1-2 жыл чыдагыла". Жапаров жаңы конуштардын көйгөйлөрүн чечүүгө убада берди
RU

"Дагы 1-2 жыл чыдагыла". Жапаров жаңы конуштардын көйгөйлөрүн чечүүгө убада берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-ноябрда президент Садыр Жапаров бир нече жаңы конуштардын жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушуу "Ала-Тоо 3" жаңы конушунда өттү. Ал жерге бир нече конуштардын тургундары чогулуп, көйгөйлөрдү айтышты. Алар жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүүнү, көрүстөнгө коюуга уруксат берүү маселесин чечип берүүнү, милициянын участкалык пунктун ачып, мектеп, бала бакчаларды куруп, коомдук транспортту ишке киргизүүнү суранышты.

Президент алардын көйгөйлөрүн чечүүгө убада берди. Анын айтымында, бул жаңы конуштарда жашаган 13 миң үй-бүлө дээрлик бүтүндөй бир районду түзө алат. Өлкө башчы губернаторго көрүстөнгө коюу маселесин чечүүнү тапшырды.

"Бул маселелерди президент өзү, өз деңгээлинде чечиши керекпи? Архитекторлорду, адистерди чогулткула, маселени чечкиле", - деди ал.

Ошондой эле, коомдук транспорт маселесин чечүүгө убада берди.

"Коомдук транспортту алып келүү маселеси боюнча Бишкек шаарынын мэрин чет өлкөгө жөнөткөм",-деди.

Ал эми социалдык объектилер боюнча бул маселелерди да чечүүгө убада берди.

"Кийинки жылы бул жерге 3,5 миң орундуу мектеп курулат. 15 жыл кыйналдыңар, дагы 1-2 жыл күткүлө. Мектепти да, бала бакчаны да курабыз, маселени өз көзөмөлүбүзгө алабыз", - деп ишендирди ал.

Президент Бишкекке жаңы конуштарды киргизүү үчүн убакыт керек экенин белгиледи.

"Биз алгач жер тилкелер, документтер маселесин чечишибиз керек. Бул система 20 жылдан бери чирип жатат", - деп кошумчалады мамлекет башчы.

Президент трибунага облустун ыйгарым укуктуу өкүлү, башкы прокурор Курманкул Зулушевди жана башка структуралардын жетекчилерин чакырып, эл алдында сөгүш жарыялады. Бардык топтолуп калган маселелерди чечүүнү, райондун прокурорун алмаштырууну, акимдерди ротациялоону, Мамлекеттик курулуш комитетиндеги жана башка мамлекеттик органдардагы жетекчилерди алмаштырууну, анын ичинде турак-жай көйгөйлөрүн да тапшырды.

Эскерте кетсек, буга чейин президент ЖЭБ-2нин жанындагы өз алдынча басып алган аймактарды мыйзамдаштыруу боюнча тапшырма берген. Ушудан кийин башка конуштардын тургундарынан арыздар түшө баштаган. Өкмөт үйүнүн алдына да ушундай талап менен чыккан "Жер Ынтымак" конушунун тургундарына президент митингдер менен эч нерсе чечилбей турганын түшүндүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4428