Садыр Жапаров: душмандарым бийликте эле эмес эл арасында да бар экен
RU

Садыр Жапаров: душмандарым бийликте эле эмес эл арасында да бар экен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-ноябрда Садыр Жапаров Сокулук районундагы бир нече жаңы конуштун тургундары менен жолугушуп, көмүр боюнча кырдаалга комментарий берди.

"Жана аксакал чыгып айтып кетти, душмандарын көп экен деп. Менин душмандарым бийликте эле эмес, карапайым эл арасында да көп. Мына бир эле мисал келтирейин: көмүр боюнча, бир ай какашап сурандык. "Ай, түшүрүп бергиле, бир машинеден 10-15 миң тапсаң деле жетишет" деп. Жок, сөзсүз 1 миң доллар таза киреше табыш керек. Анан айлабыз кеткенде өкмөт колго алып, 3000 миңге түшүрүп салдык, баягылар ишсиз калышты", - деди президент.

Садыр Жапаров көмүрдүн кечирээк казылганын белгиледи.

"Ооба, көмүр кичине кечирээк казыла баштады. Аны моюнга алабыз. Эки жетекчи алмашты жайды-жайлай. Саботаж болду иштетпей. Атайы бут тосуу болду. 1-1,5 ай кеч башталды. Баш аламандык болуп жатканда альфаны киргиздик. 12 кызматкерди курал жарагы менен. 6оң түндө иштейсиң, 6оң күндүз иштейсиң, ушул жерди ирээтке келтиргиле деп. Мына азыр күргүштөтүп казып жатышат. Проблема болбойт. Кудай буюрса ушинтип түздөп келе жатабыз", - дейт өлко башчысы.

Анын айткандарын эл кызуу колдоп, кол чаап жиберишти.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен 16-ноябрдан тартып Бишкекте көмүрдүн тоннасы 3000 сомдон сатыла баштаган. Кара-Кечеден көмүр ташып келген айдоочулар буга нааразы болушкан. Алар көмүрдүн кескин арзандашы алардын пайда табуусуна тоскоолдук болуп жатканын бегилешкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4426