Жаңы конуштагы үйлөрдү мыйзамдаштыруу үчүн эмне документтер керек? тизме
RU

Жаңы конуштагы үйлөрдү мыйзамдаштыруу үчүн эмне документтер керек? тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы конуштардагы үйлөрдү мыйзамдаштыруу максатында атайын мобилдүү топтор түзүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма-сөз кызматы маалымдады.

Мобилдик топтор жер-жерлерде иш алып барышат.

Белгиленгендей, учурда "2012-жылдын 3-августуна чейин өзүм билемдик менен курулган индивидуалдуу турак жайларды мыйзамдаштыруу тууралуу" мыйзамы коомдук талкууга чыгарылган. Ал ушул жылдын 29-ноябрында жыйынтыкталат.

Ал ортодо жаңы конуштун тургундарына жер тилкелерин мыйзамдаштыруу үчүн кандай документтер керектигин карап чыгуу сунушталды:

  • Өздүгүн тастыктаган күбөлүк (ID-карта, түп нускасы же көчүрмөсү);
  • Кварталдык комитет тарабынан тастыкталган коңшулардын тил каттары;
  • Көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк бирдигинде жашагандыгы тууралуу (үй бүлө курамын көрсөтүлсүн) кварталдык комитет же МТУ төрагасы тарабынан тастыкталган маалымкат;

Андан тышкары, мэрия ортомчулар үчүн "ТилКатын" үлгүсүн көрсөтүп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4489