Аз камсыздалган үй бүлөлөргө электр энергиясы 50 тыйын болот. Бирок бир шарт бар
RU

Аз камсыздалган үй бүлөлөргө электр энергиясы 50 тыйын болот. Бирок бир шарт бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-январдан тартып аз камсыздуу үй бүлөлөр электр энергиясы үчүн 50 тыйындан төлөп башташат. Бирок аларга бир шарт коюлду: электр жарыгын керектөө 700 кВт ашпоого тийиш. Көрсөтүлгөн лимиттен ашып кетсе, анда тариф мурунку деңгээлде 2,16 сом бойдон калат. Бул боюнча Энергетика министрлиги билдирүү жөнөттү.

Учурда күйүүчү-энергетикалык комплексти көзөмөлдөө мамлекеттик агенттиги энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин мындан мурун бекитилген орто тарифтик саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасы боюнча иш алып барууда. Документ даяр болоору менен министрлер кабинетине макулдашууга жөнөтүлөт.

Эске салсак, Коопсуздук кеңешинин жыйынында Садыр Жапаров аз камсыздуу үй бүлөлөр үчүн электр энергияга болгон тарифти 50 тыйынга чейин түшүрүүнү буюрган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4583