110 миң үй бүлө үчүн электр жарыгына болгон тариф 50 тыйынга чейин арзандайт
RU

110 миң үй бүлө үчүн электр жарыгына болгон тариф 50 тыйынга чейин арзандайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Презиент Садыр Жапаров аз камсыздалган үй бүлөлөр үчүн электрэнергиясына болгон тарифти 5- тыйынга чейин түшүрүүнү буюрду. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында белгилүү болду.

"1-январдан баштап биринчи электроэнергиядан жардам берели. Азыр 77 тыйын да, ошону 50 тыйынга түшүрүп бергиле. 1-январдан баштап 50 тыйынга түшсүн, калган 27 тыйынын сиздер бюджеттен субсидия кылып төлөп бересиздер", - деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы тийиштүү министрликтерге аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн даректерин, аты-жөндөрүн тактоону тапшырды.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жаңы тарифтер 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кириши керек.

"Бир айдын ичинде дагы бир сыйра ревизия кылып чыккыла. 31-декабрга чейин эски тариф менен аласыңар дагы, 1-январдан баштап жаңы, 50 тыйындык тариф менен аласыздар. Ушул 110 518 үйдө. Бир айдан кийин сиздерден сурайбыз", - деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго тамак-аш жагынан да жардам берүү керектигин айтты.

"Жаңы жылдан кийин сөзсүз түрдө ун, май, шекер таратып бериңиздер. Көлөмүн өзүңүздөр талдап чыгыңыздар министрликтер менен, облустардагы өкүлдөрдөн", - деди Президент."

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4499