Синоптиктер эскертет! Борбор Азиянын үч өлкөсүндө дагы бир чаңдуу бороон болот
RU

Синоптиктер эскертет! Борбор Азиянын үч өлкөсүндө дагы бир чаңдуу бороон болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Декабрдын башында Борбор Азиянын үч өлкөсүндө чаңдуу бороон болоорун CentralAsia билдирди.

Синоптиктер тактагандай, кеп Казакстандын батышындагы Мангистау облусу, Өзбекстандын түндүк райондору жана Түркмөнстан жөнүндө болуп жатат. Соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 м/с.га жетип, катуу шамал кум бороонго айланып, көрүнүш начарлап, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +23...+28 градуска чейин көтөрүлөт.

Эскерте кетсек, эки жума мурун Өзбекстанда, Түркмөнстанда жана Казакстандын түштүгүндө болгон катуу шамалдын кесепетинен электр зымдары үзүлүп авария болгон. Түркмөнстандан Өзбекстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга берилчү электр энергиясын экспорттоо токтотулган. Ошондой эле Бишкекте жааган киргилт кардын себебин адистер коңшу өлкөлөрдө болгон чаңдуу бороон менен түшүндүрүшкөн.

Эске сала кетсек, кечээ, 1-декабрда Бишкек шаарында аба ырыйы +19га чейин жетип, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жеткен. Бүгүн да ошондой. Борбор калаада батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4618