Топурак жаагандай. Бишкекте жааган кир кардын калдыктарынын сүрөттөрү
RU

Топурак жаагандай. Бишкекте жааган кир кардын калдыктарынын сүрөттөрү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн социалдык түйүндөрдө колдонуучулар кир кардан кийин эмнелер калганын айтып даттана башташты.

Айдоочулар кар ээригенден кийин унааларында топурактын калдыктары калганын белгилешүүдө. Алар унаасы кар жааганга чейин таза болгонун белгилешүүдө.

Бишкектин тургундары сырт кийимдери да кир болуп калганын айтышкан. Күрмөлөрүндө жана пальтодо кир тамчы калганы даана көрүнүп турат.

Эске сала кетсек, кечээ Бишкектин тургундары кардын кир болуп, күрөң түстө жааганын байкашкан. Экологдордун айтымында, Казакстандын түштүгүндө болгон чаңдуу бороон кардын булганышына таасирин тийгизиши мүмкүн. Дагы бир себеп Кара-Кечеден чыккан күрөң көмүрдүн колдонулушу. Кыргызгидромет азырынча толук түшүндүрмө бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4376